2025-06-15
Роман Царев грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамадан четтетилди

Спортчунун этикасынын кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктуна ылайык, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командадан Роман Царев 23-декабрдан тартып четтетилди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Зулушев: Админресурс пайдаланган кызмат адамдарына чара көрүлөт

КР Башкы прокуратурасы тарабынан шайлоону өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн иш-чаралар тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Мамытов маморгандардан таза жана ачык шайлоону камсыз кылууну талап кылды

Бүгүн, 24-декабрда, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүп жатат.
КАЙРЫМДУУ ИНСАНДАРДЫ ГҮЛМАЙРАМ АЛЫМБЕК КЫЗЫНА ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ ЧАКЫРАБЫЗ

Мындан бир жыл мурда берген маегинде эне бакытына ээ болдум деп кубанычы ичине батпаган Гүлмайрам Алымбек кызы, учурда каржылык колдоого муктаж.
Ташиев: Шайлоодон кийин башаламандык болушу мүмкүн, бирок чара көрөбүз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоодон кийин башаламандык болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ташиев: Жогорку Соттун төрайымына кылмыш иши козголду

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат жыйынында кабарлады.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун башчылыгында бүгүн, 24-декабрда, мамлекеттик органдардын айрым жетекчилеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.