Зулушев: Админресурс пайдаланган кызмат адамдарына чара көрүлөт

КР Башкы прокуратурасы тарабынан шайлоону өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн иш-чаралар тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Мамытов маморгандардан таза жана ачык шайлоону камсыз кылууну талап кылды

Бүгүн, 24-декабрда, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүп жатат.
КАЙРЫМДУУ ИНСАНДАРДЫ ГҮЛМАЙРАМ АЛЫМБЕК КЫЗЫНА ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ ЧАКЫРАБЫЗ

Ташиев: Шайлоодон кийин башаламандык болушу мүмкүн, бирок чара көрөбүз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоодон кийин башаламандык болушу мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Ташиев: Жогорку Соттун төрайымына кылмыш иши козголду

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат жыйынында кабарлады.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун башчылыгында бүгүн, 24-декабрда, мамлекеттик органдардын айрым жетекчилеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
«Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

2020-жылдын 22-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами́» диний экстремисттик уюмдун мүчөсү 32 жаштагы Т.Ж. аттууну кармашты.






