2025-06-16
Талант Мамытов: Учурда мага чоң жоопкерчилик жүктөлүп турат

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 20-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун тургундары менен жолугушту. Анда коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болуп, социалдык-экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу эмгек миграциясы курч турганы айтылды.
Жалпы жарандык биометрикалык паспорт 34 жана 50 беттен турган эки вариантта чыгат

Жалпы жарандык биометрикалык паспорт 34 жана 50 беттен турган эки вариантта чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Инфоком" ишканасынын башкы адиси Захид Абдыкаимов билдирди.
АК КЕМЕ: УЛУУ ИНСАНДАР ЖАРАТКАН ШЕДЕВР

"Ак кеме" тасмасы – терең философиялык идеяны камтыган мазмун жана ошол мазмунду жеткире билген мыкты режиссёрдук иш. Ушундай жөнөкөй формуланын негизинде тартылган тасманы бир гана сөз менен аныктаса болот – шедевр. Башкача айтканда, «Ак кеме» – улуу адамдардын колунан жаралган улуу тасма.
Чыңгыз Шамшиев: Физика жана математиканы тереңдетип окуткан мектептерди көбөйтүү керек

Интеллектуалдык ресурс, санариптик экономиканын эң маанилүү компоненти болуп саналат. Анын сапаттуу калыптанышы үчүн негизги жоопкерчилик билим берүү системасына жүктөлгөн. Билим берүү тармагын өнүктүрүүдө мамлекеттин ролу кандай? Ушул жана башка көптөгөн темалардын айланасында Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, БААУнун Инновациялык колледжинин башкы директору, Франциянын экономика илимдеринин доктору, профессор Чыңгыз Шамшиев кеп кылды. (3-БӨЛҮК)
Талапкерлердин бюллетендеги катар номери аныкталды (тизме)

Бүгүн, 19-декабрда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого талапкерлердин бюллетендеги номерлери аныкталды.
“Коопсуздук үчүн бирге” аттуу иш-чара өттү

Бишкек шаарынын ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан экстремизмди алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте “коопсуздук үчүн бирге” аттуу иш-чара өткөрүлүп, шаар тургундарынын арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын биргеликте жүргүзүү керектиги баса белгиленди.