2025-07-03
Казак-сауд мамилелеринин деңгээлин көтөрүү сапары

2023-жылдын 19-июлунда Казакстандын мамлекет башчысы Сауд Арабия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул Касым-Жомарт Токаевдин ыйык жерлер өлкөсүнө болгон экинчи сапары. Былтыр эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Казакстандын президенти катары Сауд Арабия Падышалыгына алгачкы расмий сапарын жасаган.
Президент Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эки тараптуу кызматташтыктын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери тууралуу пикир алмашуу болду.
Темир Сариев ишкер айымдар менен жолугушту

Бишкекте Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев ишкер айымдар менен жолугушуу өткөрүп, жаңы стартаптар, маалыматтык технологиялар жаатындагы долбоорлор, жаңы билим берүү платформаларын түзүү, кыргыздын кол өнөрчүлүк мурасын сактоо жана анын санариптик трансформациясы, экологиялык демилгелерди талкуулашты.
Каржы министрлиги билим берүүгө эки эсе көп каражат бөлдү

Билим берүү тармагы 2023-жылы 65,3 млрд сомго каржыланат, деп билдирет Финансы министрлигинин басма сөз кызматы. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.
Президент беш өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн резиденциялары үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан Палестинанын, Кувейт Мамлекетинин, Бахрейн Падышалыгынын, Дания Королдугунун жана Грузиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.
Президент ЖРТ боюнча "Алтын сертификат" ээлерин сыйлады

Президент Садыр Жапаров республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча "Алтын сертификаттардын" ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлады. Мамлекет башчысы билим уясынан ийгиликтүү учуп чыгып, турмуш жолуна аттанган бүтүрүүчүлөрдү Жусуп Баласагындын саптарын келтирип, куттуктады. “Улуу ойчул бабабыздын “Билим бийик түгөнбөс, окуу — улук, адамда – ушул эки артыкчылык” деген накыл кебиндей, мектепте алган билимиңер жашооңордун бекем пайдубалы болуп, өмүр бою артыкчылык берет”, - деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 9-11-июлда өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.