2025-07-03
Ош мэриясы кыргыз тилин даңазалаган видеороликтерге сынак жарыялады

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгына карата Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди даңазалаган, тарбиялык маанидеги видеороликтерге сынак жарыялайт. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынакка Ош шаарындагы мамлекеттик, жеке теле-радиокомпаниялар жана продакшн-студиялар катыша алат.
Министр кызматына Бейшеналиев менен Баатырованын талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды.
Дүйнөлүк тазалык күнүн утурлай Ысык-Көлдүн жээги тазаланып жатат

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн утурлай Айжан Чыныбаева жетектеген "Eco Demi" коомдук фонду Ысык-Көлдүн жээктерин тазалап баштады. 10-сентябрь күнү болгон ишембиликке Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов да катышты. Жалпы 200гө жакын киши 3 тоннадан ашык таштанды чогулткан. Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү 16-сентябрь күнү өтөт.
"Салам, Европа" тасмасынын премьерасы ноябрь айына белгиленди

Белгилүү режиссер Руслан Акундун "Салам, Европа" тасмасынын премьерасы ноябрь айында Кыргызстанда жана Казакстанда болот. Башкы ролду КРдин эл артисти Айтурган Темирова ойногон. Фильм комедия жанрында. Бул Европада жашаган небересине автостоп менен барган чоң эне менен чоң ата жөнүндөгү тасма. Алар жолдо көп окуяларга туш болушат. Күлкүлүү окуялар ортосунда чоң эне менен чоң атанын небересине берген таалим-тарбиясы баяндалат.
Кыргыз тилин түшүнгөн жасалма интеллект иштелип чыкты

Кыргызстанда кыргыз тилин түшүнгөн жасалма интеллект иштелип чыкты. Долбоордун максаты - жасалма интеллекттин жардамы менен санариптик чөйрөдө кыргыз тилин өнүктүрүү. Ар бир жаран шилтеме аркылуу өтүп, beta версиясын тестирлеп көрсө болот.
Ысык-Көлдөн 142 күндө 13 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 142 күндүн ичинде 13 тонна 561 кг таштанды жана 98 миң 450 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Равшанбек Рысбаев ант берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Рысбаев Равшанбек Рысбаевич ант берди. Эскерте кетсек, ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.