2025-05-18
Камакка алынган Ахрор Иминов тууралуу фактылар

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Иминов Ахрор Хикматиллаевич уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалганын УКМК билдирди.
Кыргызстан жыл башынан бери мамкарызды төлөөгө 31,3 млрд сом жумшады

2023-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен Кыргызстандын мамлекеттик карызын (ички + тышкы) төлөөгө 31 млрд 200,7 млн сом которулган.
Путин: Россия - Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор

Россия - Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор. Бүгүнкү күндө өлкөдө Россиянын катышуусу менен 800дөн ашык ишкана иштейт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.
Путин Садыр Жапаровго Россиянын мамсыйлыгы – Ардак орденин тапшырды

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо аземи болду.
Россиялык университет Кыргызстанда IT колледжин ачууну сунуштады

Россиянын "Синергия" университети Кыргызстанда IT колледж ачууну сунуштады. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ишкерлерден акча алып жүргөн салык кызматкери кармалды

Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Анкарада "Чыңгыз Айтматовдун күндөрү" эл аралык симпозиуму өттү

Түркиянын Анкара шаарында 9-октябрдан 10-октябрга чейин "Чыңгыз Айтматовдун күндөрү" III эл аралык симпозиуму болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.