2025-07-02
Чыңгыз Шамшиев Карагач багын калыбына келтирүү жөнүндө

15-октябрда Карагач сейил багына көчөт отургузулду. Иш-чара БААУдагы “Жашыл айлыктын” жана “Экопарк “Карагач багы” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Франция-Кыргыз экотуризм ассоциациясы (AFKE) менен биргеликте БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан уюштурулду.
Ош технологиялык университетинин 60 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 20-октябрда белгилүү илимпоз, геология-минералогия илимдеринин доктору М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
15 жылдан бери Казакстандан келе албай жүргөн КР жарандары мекенине кайтты

Тышкы иштер министрлиги КР Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте Казакстандын Алматы облусунун аймагында 15 жыл бою документи жок жүргөн, эки кыргыз жаранын мекенине кайтарып келүүгө жардам берди.
Бишкекте жол кирени көтөрүү сунушталууда

Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмдүн баасын 20 сомго көтөрүү сунушталууда. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Көмүртектик нейтралдуулукка жетишүү боюнча конференциянын программасы

"КРдин 2050-жылга чейин көмүртектик нейтралдуулукка жетишүүсүнүн перспективалары жана мүмкүнчүлүктөрү" темасында өтө турган илимий-изилдөө конференциясына окумуштууларды, окутуучуларды, илимий-изилдөө институтунун кызматкерлерин, докторанттарды, магистранттарды, студенттерди жана кызыкдар тараптарды чакырабыз.
ЖОЖго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТнын алдын ала мөөнөтү белгилүү болду

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) алдын ала мөөнөтүн билдирди.
Кытайдын Бээжин шаарында Кыргыз маданий борбору ачылат

Кытайдын Пекин шаарында Кыргыз маданий борбору ачылат. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы өз ара Маданий борборлорду түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда колдоду.