2025-07-03
Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, КР билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.
Бишкекте таштанды музейи ачылат

«Булгануунун тарыхын түшүнүү – Арт проспект & Трэш-5» экологиялык искусство фестивалынын алкагында Бишкекте таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат.
Оштогу бардык набайканалар ата мекендик унду колдонууга өттү

Ош шаарындагы бардык наабайканалар ата мекендик өндүрүштөгү ундан тандыр нандарды жабууга өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.
QARASH LAB: алты өлкөнүн киночулары Бишкекте чогулат

27-30-октябрь күндөрү Бишкекте Qarash Lab кино лабораториясы өтөт. Иш-чарага АКШ, Франция, Корея, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын киночулары чогулуп, тажрыйба алмашышат. QARASH LAB кино лабораториясынын максаты - кино өндүрүшүн, бизнести жана башкарууну бириктирүү; жаш кинорежиссерлордун ишин колдоо жана жайылтуу; кинопродукцияны жаратууга катышкан бардык кесиптердин маанисине жана зарылчылыгына көңүл буруу.
Ысык-Көлдөн 17 миң тоннага жакын таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө суучулдар көлдүн астынан 16 миң 721 кг таштанды, 103 миң 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Нью-Йоркто кыргыз-кипр кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштери министри Жээнбек Кулубаев Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Кыргызстанда Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы жарыяланды

Президент Садыр Жапаров “2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.