2025-07-03
Кулубаев “Азия кызматташтык диалогу” уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ТИМдеринин 18-жыйынына катышты

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Азия кызматташтык диалогу” (АКД) уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 18-жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Кыргызстан менен Сент-Люсиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сент-Люсиянын эл аралык соода жана жарандык авиация министри Альва Романус Батиста Кыргызстан менен Сент-Люсия ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол койду.
Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө миңдеген жарандар катышты

Бүгүн дүйнөдө тазалык күнү белгиленип жатат. Ага Кыргызстан бешинчи ирет катышууда. Иш-чара Айжан Чыныбаева жетектеген "Eco Demi" коомдук фондунун элчилиги астында өтүүдө. Кыргызстанда өтүп жаткан тазалык күнүнө Евробиримдиктин элчиси Мэрилин Йосефсон да катышты.
Бишкекте эртең жалпы шаардык ишембилик өтөт

Эртең, 16-сентябрда Бишкекте күзгү жалпы шаардык ишембилик өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликте ирригациялык тармактар, сейил бактар жана гүл бакчаларды тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле көчө, короо, аянттар тазаланмакчы.
Баткенде бажычыларга кызматтык үй курулду

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен бажысынын кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөр курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкекте тамеки чегүүгө каршы рейд өтүп, 65 миң сомго айып салынды

Бишкекте тамеки чегүүгө каршы рейд өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда оюн-зоок жайлары текшерилип, "КРдин жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары аныкталды.
Жалал-Абад облустук милициясы 8 айдын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 2023-жылдын 8 айында аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.