2025-08-23
Баткенде облустун түзүлгөн күнү белгиленди

Бүгүн, 13-октябрда "Апаз Жайнаков" атындагы музыкалык драма театрында Баткен облусунун түзүлгөн күнүнө арналган иш-чара өттү.
Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Бишкекте тоннасы 4 миң 700 сомдон көмүр сатыла баштады

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы учурда калкка жана Бишкек ЖЭБге көмүрдү үзгүлтүксүз ташуу иштерин графиктин алкагында жүрүгүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Камакка алынган Ахрор Иминов тууралуу фактылар

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Иминов Ахрор Хикматиллаевич уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалганын УКМК билдирди.
Кыргызстан жыл башынан бери мамкарызды төлөөгө 31,3 млрд сом жумшады

2023-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен Кыргызстандын мамлекеттик карызын (ички + тышкы) төлөөгө 31 млрд 200,7 млн сом которулган.
Путин: Россия - Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор

Россия - Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор. Бүгүнкү күндө өлкөдө Россиянын катышуусу менен 800дөн ашык ишкана иштейт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.
Путин Садыр Жапаровго Россиянын мамсыйлыгы – Ардак орденин тапшырды

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлоо аземи болду.