2025-06-17
Жапаров элчилер жана эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугат

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын башчылары жана Кыргызстанда катталган чет өлкөнүн ардактуу консулдары менен жолугушат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жолугушуу 28-октябрда саат 14.00дө “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Энесай” конок үйүндө өтөт.
Нуржигит Кадырбеков Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине барды

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине барды, - деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.
Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев жөнүндө

Медербек Сатыев Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы.
Кыргызстанда доллардын курсу кайра жогорулады

Кыргызстанда доллардын курсу кайрадан жогорулады. Бүгүн коммерциялык банктарда америка доллары 81,4 сомдон сатылууда. Бир жуманын ичинде доллар 1 сомго кымбаттаган. Улуттук банк долларды 80,6 сомдон сатууда. Белгилей кетсек, Улуттук банк акыркы жолу 15-октябрда улуттук валютаны колдоо боюнча интервенция жүргүзгөн. Анда банк 17,1 млн доллар саткан.
Испанияда коменданттык саат жарыяланды

Испания өкмөтү түнкү саат 11ден тарта коменданттык саат жарыялады. Андан сырткары, 6 кишиден ашык чогулууга тыюу салынды. Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес чектөөлөр келерки жылдын май айына чейин уланышы керектигин билдирди. Коменданттык саат түнкү саат 11ден таңкы 6га чейин киргизилди. Бул убакыт аралыгында маанилүү себептер менен гана үйдөн чыгууга болот: балдар жана улгайган кишилерге кам көрүү, жумуш жана дары-дармек алууга.
Калифорниянын 100 миңден ашык жашоочусу өрткө байланыштуу эвакуацияланат

АКШнын Калифорния штатынын 100 миңден ашык тургуну эвакуацияга даярданууда. Жергиликтүү бийлик аймакта күч алып жаткан өрткө байланыштуу жашоочуларды башка жакка көчүүгө чакырууда.
Президенттикке талапкерлер бардык документтерди 7-декабрга чейин тапшырышы керек

Кыргызстандын президенттигине талапкерлер бардык документтерди 6-декабрь күнү саат 00:00гө чейин тапшырышы керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.