2025-06-17
Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 46,8 млн адамга жетти

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 46 млн 801 миң 621 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн. Коронавирусту АКШда 9,2 млн, Индияда 8,2 млн, Бразилияда 5,5 млн, Россияда 1,6 млн, Францияда 1,4 млн, Испанияда 1,2 млн, Аргентинада 1,1 млн адам жуктуруп алды. Дүйнөдө коронавирустан 1 млн 205 миң 221 адам каза болду.
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Ош облусунун активи менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана облустун активи менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.
БААУда окуучулар үчүн видео сабактарды жаздыруу уланууда

Учурда Кыргызстанда окутуу аралыктан жүрүүдө. Мындай кырдаалда видео сабактардын мааниси чоң. Аларды жаздыруу акыркы бир нече айдан бери Борбордук Азиядагы Америка университетинде жүрүп жатат. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн 5-11-класстар үчүн "Тарых", "Адам жана коом", "Информатика" сабактары даярдалууда. Бардык сабактар Билим берүү министрлиги жана Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен биргеликте жазылууда.
Түркиядагы жер титирөөдөн 83 адам каза болду

Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 83 адамга жетти. Буга чейин 79 адам каза болуп, 962 жаран жабыркагандыгы айтылган. Ооруканаларда 219 адам дарыланууда. Эскерте кетсек, Түркиянын батышында 30-октябрда күчү 6,6 баллга жеткен жер силкинүү болгон.
Садыр Жапаров: Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз

Мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна биз ар дайым өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен районундагы Көк-Таш – Тамдык жана Ак-Сай – Рават автожолдорунун курулуш менен таанышкан учурда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Чолпон-Атадагы ат оюндары көрүүчүсүз өтөт

2-8-ноябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтө турган «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу-2020» — көк бөрү жана башка ат оюндары көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу Көк-бөрү федерациясы билдирет.
Бюджетке 1,1 млрд сом зыян келтирген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду - Каржы полициясы

Мамлекеттик бюджетке 1,1 млрд сом зыян келтирген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.