2025-06-17
Түркия пандемияга байланыштуу коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салды

Түркияда бийлик коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салды. Бул тууралуу ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди деп жазат Cyprus mail. Анын айтымында, тамеки тартууга тыюу салынса, коомдук жайларда маска кийип, аларды чечпөөгө толук мүмкүнчүлүк болот.
Маданият кызматкерлери кандай шарт менен бекер үй ала алышат

Маданият кызматкерлерин акысыз турак жай менен камсыз кылуу иштерин башталганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Министрлик менен «Бренд Хаус» курулуш компаниясынын ортосунда акысыз батир берүү боюнча келишим түзүлдү. Ага 11-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана «Бренд Хаус» компаниясынын башкы директору Нурлан Эшбаев кол коюшту.
Дөөлөт Сыдыков Гиннес китебине каттатуу үчүн "Манас" айтып жатат

Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн «Манас» айтып жатат. Иш-чара саат 09:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында башталды.
Президенттик шайлоо: БШК 217 ММКны аккредитациядан өткөрдү

БШК алдыдагы президенттик шайлоонун үгүн иштерине катышуусу үчүн 217 массалык маалымат каражатын аккредитациядан өткөрдү. БШКдан билдиришкендей, аккредитациядан 56 телекомпания, 28 радиостанция, 61 газета жана журнал, ошондой эле 72 интернет-басылма өткөн.
Садыр Жапаровдун маалымат жыйынына 234 журналист катыша турган болду

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Садыр Жапаров: Милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Нарын шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу турак үйдүн ачылышына катышты. Анда Садыр Жапаров милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн билдирип, милиция кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды. Көп кабаттуу турак үйдө жалпы 60 батир бар.
Айжан Чыныбаева: Быйыл Бишкекте жаңы жылдык фейерверк болбойт

Бишкек шаарынын мэриясы быйылкы жылы жаңы жылдык салют жана шаарды кооздоо үчүн жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева фейсбуктагы баракчасына жазды.