2025-08-26
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев ички сугат суу маселелерин чечүү сунуштарын колдоду

Ички ирригация маселелери боюнча түзүлгөн демилгелүү топтун өкүлдөрү КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев менен жолугушту. Бул тууралуу Ирригация маселелери боюнча демилгелүү топтон билдиришти.
Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырды

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына КР президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн документтерин тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлүп берилди

Мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Новиков Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту

Москва шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Россия-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагаларынын - КРдин биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жолугушуусу болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров жана Мирзиёев эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Бүгүн, 14-ноябрда, КРдин Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Сузакта самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликтин жеңүүчүлөрүн тосуп алышты

Жалал-Абаддын эки спортчусу самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликте коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты. 6-ноябрь күнү Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн турнирде алдыңкы орунду багындырган спортчуларды Сузак районунун тургундары облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев менен бирге салтанаттуу тосуп алышты.
Садыр Жапаров Дөөлөт Сыдыковду кабыл алды

Сиздин чыгармачылыгыңыз - бул улуу кыргыз эпосун сактоого гана эмес, кыргыз элинин рухий турмушуна да баа жеткис салым. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков менен жолугушуу учурунда билдирди.