2025-06-16
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 481 адамдан табылып, 4 жаран каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 481 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Эң таасирдүү делген вакцина Америкада бериле баштайт

Бүткүл дүйнөнүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан коронавирус вакцинасынын качандан баштап бериле баштаары айтылды. Pfizer жана BioNTech тарабынан жасалган бул вакцина коронавируска каршы эң таасирдүү вакцина катары белгилүү.
COVID-19: Нью-Йоркто 600дөн ашык адамдын сөөгү көмүлбөй турат

Нью-Йоркто коронавирустан каза болгон 650нүн тегерегиндеги адамдын сөөгү көмүлбөй турат. Маркумдардын сөөгү муздаткычы бар жүк ташуучу унааларда Бруклиндин жээгинде сакталууда. Бул тууралуу РИА Новости "Wall Street Journal" гезитине таянып жазат. Америкалык ЖМКлардын билдиришинче, сөөктүн көпчүлүгүнүн жакындары табыла элек.
Кытай ушул аптада Айга космостук кеме учурат

Кытай ушул аптада Айга космостук кеме учурат. Бул тууралуу CNN кабарлайт. Аппарат Айдын кыртышынын үлгүсүн топтоп, Жерге алып келиши керек. Chang'e-5 топтогон үлгүнүн негизинде окумуштуулар Айдын кантип пайда болгонун изилдемекчи. Долбоор максатына жетсе, Кытай Айдын кыртышынын үлгүсүн алган АКШ менен Советтер союзунан кийинки үчүнчү өлкө болуп калат.
БШК укук коргоо органдары үчүн тренингдерди уюштурат

Бүгүн, 23-ноябрдан баштап Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол бербөө максатында укук коргоо органдарына шайлоодо добуш сатып алууга жана административдик ресурска каршы туруу боюнча тренингдерди өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Беларусияда митинг алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бүгүн, 22-ноябрда Беларусияда оппозициянын пландаган митингинин алдында Минск шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлуп, коопсуздук күчтөрү жана атайын унаалар шаардын борборуна тартылып жатат. Бул тууралуу РИА Новости агентиги жазды.
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 58 миллиондон ашты

Жон Хопкинс университетиин маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирустук инфекцияга кабылгандардын саны 58 миллиондон ашты. Ал эми коронавирустан көз жумгандардын саны 1 млн 378 миң 866 адам. Ошол эле учурда 37 миллиондон ашуун бейтап айыккан.