2025-06-16
Кыргызстанга Франциянын атактуу "ПСЖ" футбол клубунун өкүлдөрү келди

Франциянын атактуу "ПСЖ" футбол академиясынын Түркиядагы филиалы Канттын "Абдыш-Ата" клубу менен келишим түзүп, анын негизинде өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн Кыргызстанга келишти.
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамы Ала-Буканын 1-Май айыл өкмөтүнө ыйгарылды

"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамы ыйгарылды. Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүлүп келет.
Кувейт Бишкекте өз элчилигин ачууну пландоодо

Кувейттин Бишкекте элчилигин ачуу маселеси кечээ, 30-ноябрь күнү эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин онлайн сүйлөшүүсүндө талкууланды. Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты. Эки тарапт тең ар тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча туруктуу байланыштарды улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Бишкекте кинотеатр жана көңүл ачуучу жайлар иштей баштады

Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Садык Шер-Нияз президенттикке ат салышуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттикке талапкерлигин Садыр Жапаровдун пайдасына алып салды. Бул тууралуу ал Ибрагим Нуракун уулунун Facebook баракчасында түз эфирде айтты.
Эксперттен энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштар

Электроэнергетика тармагы шаарлардын өнүгүүсүн камсыз кылган негизги тармак болуп эсептелет. Азыркы учурда үй тиричилигинде болобу, же жумушта болобу, электр энергиясыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Тилекке каршы бул тармак, акыркы жылдары өлкөдө керектүү мыйзам актыларын кабыл алуудагы кетирилген кемчиликтерден улам кейиштүү абалда турат. Бул абалдан чыгуу үчүн, жакынкы аралыкта өнөр-жай ишканаларынын кубаттуулуктарында тоо-кен казып алуу тарифин (крипто-валюта) кабыл алып, тездик менен энергетика министрлигин түзүү керек.
Германияда 2022-жылдан баштап желим баштык колдонууга тыюу салынат

Германияда 2022-жылдын январь айынан тарта желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды. Аталган чечим Федералдык Кеңеште кабыл алынган. Ал мыйзамга көрө, 15 жана 50 микрометр калындыгындагы желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды.