2025-06-16
COVID-19: 432 учур жаңы катталып, төрт бейтап каза болду

Бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 432 учуру катталып, вирус жугузгандардын жалпы саны 69 миң 581ге жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА: Жүз күндүк иш планымды даярдадым

Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева жүз күндүк иш планын даярдап, натыйжалуу иш алып баруу аракетинде экендигин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Ал жаңы кызматтын милдеттерин терең өздөштүрүп, бара-бара көнүп баратканын айтат.
Кыргызстанда абактагы 230 адамга ырайым берилди

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган кезде абактагы 230 адамга ырайым кылуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет.
Конституциялык кеңешме түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
"Талаштан тактык жаралат". Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого активдүү катышууга чакырды

КРдин Президенттигине талапкер Садыр Жапаров коомчулукту жаңы Конституциянын долбоорун талкууга активдүү катышууга чакырды. Бул жөнүндө ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазып калтырган.
Адиль Турдукулов: Конституциялык реформага сөзсүз барышыбыз керек

Адиль Турдукулов кызуу талкууга жем таштаган Конституциялык реформа тууралуу өз пикирин "Фейсбук" баракчасынан билдирди. Ал Конституциялык реформага сөзсүз баруу керектигин айткан. Анткени, буга чейинки бийлик башында тургандар "парламентаризм" деп, элди алдап жашап келгенин жазган.
Нурсултан Кубанов: Натыйжалуу иштей албаган мектеп жана бала бакча мүдүрлөрү алмашат

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Нурсултан Кубанов "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анын билдиришинче, 10-15 жылдан бери иштеп, бирок эч кандай натыйжа көрсөтпөгөн мектеп жана бала бакча директорлору 10 күндүн ичинде алмашат.