2025-06-17
Ноябрь айында 20 миң адам пневмококк инфекциясына каршы эмделет

Ноябрь айында 20 миң адам пневмококк инфекциясына каршы эмделет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Кыргызстанда "Медайымга рахмат айт" маалыматтык өнөктүгү башталды

Саламаттык сактоо министрлиги "Медайымга рахмат айт" маалыматтык өнөктүгүн өткөрүүдө. Министрликтен билдиришкендей, аталган өнөктүк 16-ноябрдан 21-ноябрга чейин "Кыргыз Республикасынын медициналык билим берүүсүн реформалоо" долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Өзбекстан Кыргызстанга эки жаңы оорукана салып берет

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жакынкы күндөрү өлкөгө Өзбекстандан дагы 400 атайын оорукана контейнери жана 3 миң тонна буудай жөнөтүлөөрү күтүлүүдө. Андан сырткары, Өзбекстандын колдоосу аркылуу эки жаңы оорукананын курулушу башталат.
Бишкекке Өзбекстандан гуманитардык жүк келди

Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Бишкекке кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Россиянын Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүсүн баскыч-баскыч менен баштоо маселеси макулдашылды

Москва шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Россия Федерациясынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Орусия Кыргызстанга 50 миң ПЧР-тест жөнөттү

Коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Россия өкмөтү Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 500 комплект ПЧР-тест системасын жөнөттү. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев ички сугат суу маселелерин чечүү сунуштарын колдоду

Ички ирригация маселелери боюнча түзүлгөн демилгелүү топтун өкүлдөрү КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев менен жолугушту. Бул тууралуу Ирригация маселелери боюнча демилгелүү топтон билдиришти.