2025-06-17
Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков каза болду

Бүгүн, 12-ноябрь күнү Кыргызстандын мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков каза болду. Бул маалыматты министрликтен ырасташты. Айрым маалыматтарга караганда, Исаков пневмония менен ооруган.
Садыр Жапаров экономикалык мунапыс жөнүндө...

"Өздөрүнүн каалоосу менен келип, мамлекетке уурдаганын кайтарып жаткан адамдар бар", - деди президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында.
Кыргызстанда бийликтин диктатурасы болбойт — Садыр Жапаров

Кыргызстанда бийликтин диктатурасы болбойт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.
Жапаров: Жыл аягына чейин пенсия, жөлөкпул, айлык акылар үзгүлтүксүз берилет

Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өткөн маалымат жыйынында корголгон беренелер боюнча пенсия, жөлөкпул, айлык акылар толук берилерин билдирди.
Садыр Жапаров: "Жетим-Тоо" эч кимге берилбейт

"Тышкы карыздан кутулуу жолдору бар, аны издеп жатабыз. "Жетим-Тоо" эч кимге берилбейт, бул боюнча болуп жаткан сөздөр - ушак", - деди Прзиденттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун маалымат жыйында. Ал Кыргызстандын бир карыш жерин бербей туруп, өлкө карыздан кутула тургандыгын билдирди.
Президенттик шайлоого катышууга кимдер арыз берди?

2021-жылдын 10-январында боло турчу президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны көбөйүүдө. Боршайкомго арыз бергендердин тизмеси:
Жапаров шайлоо босогосун түшүрүү, күрөөнү азайтуу жана №2 форманы жокко чыгаруу боюнча мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров „Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.