2025-06-17
Анаркулов президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болду

Кыргызcтандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Нургазы Анаркулов КРдин Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Маалыматка ылайык, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Наргиза Мансурова берген арызынын негизинде президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.
Новиков: 2020-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялык каражаттардын агымы 56%га кыскарды

2020-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялык каражаттардын агымы 56%га кыскарды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди. Анын айтымында, 2020-жылы пандемия дүйнөдөгү ар бир өлкөгө өз таасирин тийгизди.
Голливуд жапондорду жардамга чакырды

IMAX кинотеатрлар тармагы Toho жапон компаниясы менен беш эксклюзивдүү тасма жаратуу боюнча келишим түздү. Муну менен IMAX жапон кино рыногуна басым жасоодо. АКШ менен Канада пандемияда тарткан зыянын эсептеп бүтө электе, Жапонияда Toho компаниясы тарткан "Шайтанды жара чапкан кылыч: Чексиз поезд" мультфильми IMAXтын 38 кинозалында көрсөтүлүп, $2,27 миллион киреше тапты. Бул рекорддук көрсөткүч.
Түркия коронавирустун көбөйүшүнөн улам туристтер үчүн жабылышы мүмкүн

Түркия бийлиги коронавирус илдетинин тездик менен көбөйүшүнөн улам чек араларын жабуу тууралуу маселени карап жатат. Алар жарандар жана туристтер үчүн ноябрь жана декабрь айында киргизилүүчү жаңы чектөөлөрдүн үстүнөн иштөөдө. Карантиндик эрежелер Стамбул жана башка ири шаарларда киргизилиши ыктымал. Өлкө бийлиги коменданттык саат киргизип, массалык иш-чараларга тыюу салып, эл аралык каттамдарды жабат.
Польшада бойдон алдырууга тыюу салууга каршы нааразычылык акциялары уланууда

Польшада бойдон алдырууга тыюу салуу боюнча Конституциялык соттун чечимине каршы нааразычылык акциялары уланууда. Миңдеген жарандар жол тосуп, полиция менен кагылышууга катышып, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылууда. Элдин пикиринде, бойдон алдырууга тыюу салуу - аялдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү жашыруун бойдон алдырууну күчөтөт. Толкундоолор Варшава, Краков, Гданьск, Лодзи сыяктуу ири шаарларда күч алууда.
Германияда 2-ноябрдан баштап карантин киргизилет

Германиянын канцлери Ангела Меркель 2-ноябрдан декабрь айына чейин өлкөдө карантин киргизилерин маалымдады. Учурда Германияда коронавирус инфекциясы тездик менен көбөйүүдө.
Мектептердеги күзгү каникул 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин созулат

Мектептердеги күзгү каникул 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.