2025-07-04
Туристтик сезон башталгандан бери жол кырсыгы көбөйдү

Онлайн жыйналыштын жүрүшүндө ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков туристтик сезон башталгандан бери жол кырсыктары көбөйгөнүн айтты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,5 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 19-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 504 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жыл башынан бери 14,5 млрд сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү

2023-жылдын башынан бери 14,5 млрд сомго мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Бишкекте поезд аялды коюп кетти. Ал жеринде каза болду

Бишкекте жүк ташыган поезд 19 жаштагы кызды коюп кетти. Ал жеринде каза болду. Маалыматты Биринчи май ички иштер башкармалыгы тастыктады. Кырсык 19-июнь күнү болгон.
Курман айтты белгилөөнүн так күнү айтылды

Кыргызстанда Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. 19-июнь Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 27-июнда арапа күнү болот.
Кара-Кулжада алгачкы чакан ГЭС ишке берилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда алгачкы "Буйга-1" чакан ГЭСи ишке берилди. Кубаттуулугу 400 кВт болгон кичи ГЭСти райондун Чалма айыл аймагынын Буйга айылындагы Ак-Күнгөй суусунун нугуна “Энерджи Буйга” ЖЧКсы курду.
Айгүл Атабекова депутаттык мандат алды

"Билим азыгы" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, журналист Айгүл Атабекова Ош шаардык кеңешинин депутаттык мандатын алды. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен келди.