2025-07-07
Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Бишкекте түрк тасмалар жумалыгы өтөт

16-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында V Түрк тасмалар жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Президент «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзам 6-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кыргызстандык спортчулардын Дүйнө чемпионатынан кийин рейтинги көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчулар спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан кийин United World Wrestling уюмунун рейтингинде алдыңкы саптарга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.
Ош шаарында 14-17-октябрда Россия кино күндөрү өтөт

Кечээ, 11-октябрда Ош шаарында Россия кино күндөрүн өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
"Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун Кызыл-Кыядагы лидерлери кармалды

УКМК Кызыл-Кыя шаарында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдарга үгүттөгөн деген шек менен алты жаранды кармады.
Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55,2 миң дозасы келди

Бүгүн, 11-октябрда Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.