2025-05-21
Нуран Ниязалиев Борбор Азия мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчилерине брифинг өткөрдү

2021-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Борбор Азия мамлекеттеринин элчилерине брифинг өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Пекинде ОшМУнун Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борбору ачылды

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Пекиндеги Борбордук улуттар университетинин ортосунда Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борборунун ачылуу аземи бүгүн, 14-октябрда онлайн байланыш аркылуу өттү. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирет.
БШК: 23 партия талапкерлеринин тизмесин бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирген 73 партиянын ичинен 26сы съезд өткөрүп, 23ү талапкерлеринин тизмесин бекитти.
Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму башталды

Бүгүн, 14-октябрда Баткен облусунун Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму башталды.
16-17-октябрда Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Салтка айланып, бирок мезгилдик алмашууга байланыштуу токтоп калган айыл чарба жарманкеси кайра уланат.
Түркияда кыргыз келин кайнатасы колдуу каза тапты

Түркиянын Текирдаг шаарындагы Черкезкөй аймагында кыргыз келинин өлтүрүп, кескилеп салган 65 жаштагы түрк жараны кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берип, кызматка киришти

Министрлер кабинетинин жаңы курамы Жогорку Кеңештин трибунасынан ант беришип, кызматка киришти. Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров катышты.