2025-08-26
Президент «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. Мыйзам 6-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кыргызстандык спортчулардын Дүйнө чемпионатынан кийин рейтинги көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчулар спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынан кийин United World Wrestling уюмунун рейтингинде алдыңкы саптарга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат.
Ош шаарында 14-17-октябрда Россия кино күндөрү өтөт

Кечээ, 11-октябрда Ош шаарында Россия кино күндөрүн өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
"Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун Кызыл-Кыядагы лидерлери кармалды

УКМК Кызыл-Кыя шаарында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмдарга үгүттөгөн деген шек менен алты жаранды кармады.
Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55,2 миң дозасы келди

Бүгүн, 11-октябрда Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз футбол союзуна Медербек Сыдыков жетекчи болду

Кыргыз футбол союзуна Медербек Сыдыков жетекчи болду. Бул тууралуу аталган союздун басма сөз кызматы билдирди.
Мелис Сатыбековдун 6 айдагы иштеринин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы башчысы Мелис Сатыбеков жана анын аткарган иштери боюнча коомчулукта жылуу пикирлер айтылып жүрөт. Окурмандардан да бул боюнча көп суроолор келгендиктен KEREEZ MEDIA редакциясы атайын иликтеп маалыматтарды топтоду. Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин 6 айлык ишмердигинин жыйынтыктарын назарыңыздарга сунабыз.