2025-07-08
Президент мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 5-октябрда мугалимдерди жана билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анын билдирүүсүндө бүгүнкү күндө билим берүү дүйнө жүзүндө артыкчылыктуу багыттардын бири экени айтылат.
Октябрдын ортосунда бензин дагы 1,5 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда октябрь айы ичинде бензин дагы 1,5 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов маалымат жыйында кабарлады.
Афганистандагы кыргыздарга азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам жеткирилди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
2020-жылдагы октябрь окуяларына бир жыл. Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстандыктардын банктарга болгон карызы рекорддук суммага жетти

Жай мезгилинин аягында кыргызстандыктардын банктардан алган кредитинин суммасы 174,4 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдап жатат.
Бүгүн 69 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 5-октябрга карата коронавирус 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын алтыны үчүн күрөшөт

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.