2025-07-08
Токмокто жол кырсыгынан эки адам каза болду

Токмокто 2-октябрдан 3-октябрга караган түнү болжол менен 11:30дар чамасында Гагарин жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинен «Тойота Раф 4» жана «Мазда» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
Бүгүн Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында күрөшөт

Бүгүн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыз-келиндер күрөшү башталат. Анда 55 жана 62 килограмм салмактагы атлеттер таймашка чыгышат.
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 4-октябрда, дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешине чыгат. Мелдештин программасы Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтына жарыяланган.
Бишкекте дзюдо эл аралык академиясынын расмий ачылышы өттү

Бишкек шаарында 2-октябрда дзюдо эл аралык академиясынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Энергетика министрлиги: Медициналык мекемелердин электр жарыгы өчүрүлбөйт

Биринчи категориядагы объектилердин электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Өзбекстанда ВГИКтин филиалы ачылды

Бүгүн, 1-октябрда Өзбекстанда Ташкенттеги «Жибек Жолунун бермети» кинофестивалынын алкагында Бүткүл орусиялык кинематография институтунун (ВГИК) филиалы ачылды.
Ноокенде эки жаш жигит адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Ноокенде эки жаш жигит адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форуму өтөт

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 28-30-апрелде тажик тапатын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.