2025-05-21
Бишкекте грэпплинг спорту боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте грэпплинг спорту боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорт боюнча федерациясы билдирди.
Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетүү себебин айтты

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында отставкасынын себебин түшүндүрдү. Ага президент Садыр Жапаров билимин, иш тажрыйбасын башка кызматта пайдаланууну сунуштаган.
Парламенттик шайлоого карата Венгрияда алгач ирет добушкана ачылат

Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата Венгриянын борбору Будапешт шаарында шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
«Шамбала» жана «Сальвадор Дали» тасмалары Мароккодогу кинофестивалга катышат

Кыргызстандык «Шамбала» жана «Сальвадор Дали» тасмалары Мароккодогу эл аралык автордук кинолордун фестивалына катышат.
Нарын шаарынын мэри отставкага кетти

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков отставкага кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Акыркы суткада 69 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 29-сентябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Бишкекте күз-кыш мезгилине даярдык боюнча шаардык штабдын жыйыны өттү

Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгы астында алдыдагы жылуулук берүү мезгилине даярдык боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.