2025-09-02
Бишкектин жанындагы панорамада аялдын сөөгү табылды

Бишкектин жанындагы панорамада өтүп бара жаткандар аял кишинин сөөгүн табышкан, милиция ал жардан секирген деп эсептейт.
Акыркы суткада 1127 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 127 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.
2032-жылы жайкы Олимпиада оюндары Австралиянын Брисбен шаарында өтөт

2032-жылы жайкы Олимпиада оюндары Австралиянын Брисбен шаарында өтөт. Мындай чечим бүгүн, 21-июлда Эл аралык Олимпиада комитетинин 138-сессиясында кабыл алынды.
Мыйзам долбоору: Акимдерге кол тийбестик берүү сунушталууда

Президенттин сайтында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Тажикстан талкалаган Максаттагы мектеп 1-сентябрда ачылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 21-июлда эки күндүк сапар менен Баткенге барды. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Максат айылында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кыйраган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери менен таанышты.
Эмомали Рахмондун карындашы коронавирустан каза болду

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова 20-июлда Дүйшөмбүдөгү өкмөттүк ооруканада кайтыш болгону кабарланды.
Коронавирустун жаңы штаммы кооптураак. Вакцина жардам береби?

Акыркы бир жарым жылдын ичинде коронавирус дүйнөнү каптаган учурда дарыгерлер жана адистер тарабынан алгылыктуу иштер жасалды. Алардын эң маанилүү жетишкендиктеринин бири – вакцинанын чыгарылышы. Эксперттердин айтымында, учурда дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун адам эмдөөдөн өттү. Бирок вирустун мутациясы менен кырдаал татаалдашууда. Дарыгерлер вирустун түп нускасы менен күрөшүүнү үйрөнүшсө, жаңы түрү биринин артынан бири пайда болууда. Алсак, колдо болгон вакциналар "дельта" штаммына каршы күтүлгөн жыйынтык бербей жатат.