2025-07-11
Өлкөдө 1 291 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 20-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 291 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдирди.
Бишкекте Курман айт намазы мечиттерде окулду

Бүгүн, 20-июлда, Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы башкы мечитте миңдеген шаар тургундарынын жана конокторунун катышуусунда Курман айт намазы эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо менен окулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоонун жыйынтыгы чыкты

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 17-18-июлда жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тажикстанга качкан оогандык кыргыздар кайра артка кайтарылды

Ооганстандан Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз мал-жандыгы менен 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылына кайтарылды. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги жазды.
Ооган өкмөтүнүн жана талибдердин өкүлдөрү Дохада сүйлөшүү өткөрүштү

Ооганстан өкмөтүнүн жана "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Катардын Доха шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрдү. Тараптар "маселени тынч жол менен чечүүгө үмүт ойгонгону" тууралуу баяндама жасашты.
Өлкөдө 1 миң 287 адамдан COVID-19 табылып, 11 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 19-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 287 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Кечээ Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 18-июлда саат 17:45те Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып жазып чыкты.