2025-07-11
Aкыркы суткада 1373 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап каза болду

Кыргызстанда 18-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 373 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюлду

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өттү. 12-17-июлда Бишкекте болгон жолугушуунун соңунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.
Руслан Казакбаев COVID-19 жуктуруп, ооруканада дарыланууда

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев коронавирус жуктурганына байланыштуу ооруканага жаткырылып, изоляцияга алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Тажикстан Кыргызстанда окуган тажик студенттерин кайтарат

Кыргызстанда билим алып жаткан тажикстандык студенттер өз мекенине кайтарылат. Бул тууралуу Тажикстандын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Имомзода Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдиргенин "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.
Акыркы суткада 1364 адамдан COVID-19 табылып, 11 бейтап каза болду

Кыргызстанда 17-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 364 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Нурбек Осмонов президенттин айланасындагыларга нааразычылыгын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов президенттин айланасындагыларга нааразы болду. Ал мындай маанидеги билдирүүсүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, учурда артынан адам салуу, коркутуу-үркүтүү, адилетсиз кадамдар уланып жатканын кыйытты.
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Мукаш Базаркулов дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл мугалими, коомдук жана мамлекеттик ишмер Мукаш Базаркулов 16-июлда, 86 жашында дүйнөдөн кайтты. Президенттик аппарат маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Маркумдун жакындарына Kereez Media'нын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!